Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Кыргызстанда январь-июль айлар ичинде баалар 4,7%га өстү

Ушул жылдын январь-июль айларында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу республика боюнча жалпысынан керектөө баалары жана тарифтери 4,7%га жогорулаган.
Кыргызстанда январь-июль айлар ичинде баалар 4,7%га өстү

Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги топторунун динамикасы:

  • тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар - 6,7% өсүү;
  • алкоголдук ичимдиктер жана чылым - +4,2%;
  • калкка көрсөтүлгөн кызматтар - +2,7%;
  • азык-түлүк эмес товарлар - +2,5%.

Баалардын эң жогорку өсүшү төмөнкүлөрдө катталган:

  • жаңы жемиштер - +30,8%;
  • картошка — +28,6%;
  • жаңы балык — +17,1%;
  • жаңы жашылчалар — +16,9%;
  • өсүмдүк майлары — +10,8%;
  • эт — +8,6%, анын ичинде койэ ти — +15,2%, жылкы эти — +8,4%, уй эти — +7,9%;
  • ун — +3,7%;
  • май — +3,3%;
  • кант — +1,2%.

Баанын төмөндөшү төмөнкүлөрдө:

  • тоок жумурткалары - 13,7%;
  • сүт - 7,9%;
  • жаныбарлардын майлары - 3,8%;
  • күрүч - 0,8%.

Аймактардын динамикасы:

  • баанын максималдуу өсүшү - Талас облусунда (+6,2%) катталды, бул негизинен тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон (+9,2%) баалардын өсүшүнөн улам;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана чылымга болгон баанын эң чоң өсүшү (+9,7%) жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өсүүсү (+6,5%) Ош шаарында болгон;
  • Азык-түлүк эмес товарларга баанын максималдуу өсүшү (+3,6%) Ысык-Көл облусунда катталды.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.