Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Новости по теме: Улуттук банк

Инфляциядан улам Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9,25%га чейин жогорулатты
КРнын Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка — 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Аталган банктын басма сөз кызматы билдиргендей, чечим бүгүн, 29-июлдан тарта күчүнө кирет.
Кыргызстандын каржылык резерви жарым жылда 2,7 миллиард долларга өстү
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервинин көлөмү 6 миллиард 508,4 миллион АКШ долларын түздү.
Улуттук банк банктарга эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берди
КРнын Улуттук банкынын 2025-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому менен 2025-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилди.
Кыргызстандын банктары кызмат көрсөтүүлөрүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлаштырат
Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерди, банкоматтарды жана төлөм терминалдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырууга милдеттүү.
Эркин болуу: Эмне үчүн Кыргызстан ийкемдүү валюта курсун тандаган?
Улуттук банк Кыргызстанда колдонулуп жаткан валюталык режим, өзгөрүлмө алмашуу курсунун артыкчылыктары жана чет элдик валютанын курсун аныктоо боюнча маалымат берди.
Дана Сайфуллина: «Ар бир коллекциялык тыйындын дизайнынын өз кардарлары бар»
КРнын Улуттук банкынын өкүлү Дана Сайфуллина «Золотой червонец» журналынын вебинарына катышып, эстелик тыйындардын ийгилигине дизайн кандай таасир тийгизерин айтып берди. Ага «Гознак» ААКнын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын улуттук банктарынын кызматкерлери жана тыйын рыногунун эксперттери катышты.
Алдар бизнесинин күчү: Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо Кодекси расмий түрдө кирди
Өлкөдө ишкер аялдарды каржылоо Кодекси ишке кирди. Бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга финансылык колдоо гана эмес, бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн керектүү билим жана инструменттер менен камсыз кылат.
2025-жылдын май айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 299 миллион долларды түздү
Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген – 284 млн АКШ доллары. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 15,2 миллион доллар жөнөтүлгөн. Ошону менен катар эле өлкөдөн акча которуулардын агылып чыгышы 36,2 миллион долларды түздү.
Аялдардын ишкердиги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Улуттук банк ишкер аялдарды каржылоо Кодексинин ишке киргизүүнү демилгелейт
4-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.
Улуттук банк кепилдик фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу эрежелерин жаңылады. Эмне өзгөрдү?
Финансы рыногунун адилеттүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк кепилдик фонддордун жаңыланган эрежелерин бекитти. Алардын арасында фонддордун ишинин негизги аспектилери анын ичинде «кепилдик ишмердүүлүгү», «кардар», «ФКУ», түшүнүктөрүн тактоо, ошондой эле КРнын Улуттук банкынын чечимдерине сотко чейинки милдеттүү даттанууну киргизүү кирет.