Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди: ишкерлерди эмнелер күтөт

19-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан «калктын жана ишкерлердин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди: ишкерлерди эмнелер күтөт

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, мыйзам долбоору ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында президенттин жарлыктарында белгиленген стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.

Негизги өзгөрүүлөр:

  • 2022-жылдын 1-январына чейинки салык карызын эсептен чыгаруу;
  • Айыл чарба малдары менен экспорттук операциялар боюнча 80% карыз жана 100% туум жана айып эсептен чыгарылат;
  • 0,5 % өлчөмүндөгү чен менен иштеген соода субъекттери үчүн жылдык кирешенин босогосун 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көбөйтүү;
  • Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн 0,25% өлчөмүндөгү ставканы белгилөө;
  • Соода иши менен алектенген жеке ишкерлер үчүн патенттик салык салуу системасын киргизүү;
  • Салыктык карызы бар салык жарандардын чет өлкөгө чыгуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
  • 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдеги транспорт каражаттарына төлөнүүчү мүлк салыгы боюнча;
  • Айыл чарба жерлерине 0% ставкасын 2030-жылга чейин узартуу;
  • 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилге салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу 

Көрүлгөн чаралар бизнес-климатты жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана салык жүгүн өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин жеңилдетүүгө багытталган.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.