Банктар аялдардын ишкерлигин жана стратегиялык инвестицияларды колдоо үчүн жаңы инструменттерге ээ болушат
КРнын Улуттук банкынын токтому финансы-кредит уюмдарына ишкердик менен алектенген аялдарга каржылоону сунуштоосуна түрткү берүүгө багытталган. Документ жогорку рейтингге ээ уюмдардын гарантияларын эске алуу менен банктардын активдерин классификациялоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле экономикалык өсүштү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында стратегиялык максаттарга багытталган ири көлөмдөгү чет элдик валютадагы кредиттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу максатында кабыл алынган.
18:08,
23.06.2025
Кыргызстандыктар чет өлкөгө аз каражат корото башташты
Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттердеги чыгымдары (туристтик кызматтар импорту) 2025-жылдын январь–март айларына карата 132,8 миллион АКШ долларын түздү.
15:25,
23.06.2025
Орусияда алдамчылардын көзүнө – улгайгандар, балдар жана криптовалютанын ээлери илинет
Улгайган жарандар адатта ишенчээк болушат, алардын техникалык жактан жакшы түшүнүгү жок болгондуктан топтогон акчаларын алдамчыларга оңой-олтоң эле алдатып коюшат. Жаш өспүрүмдөр да өз аракеттеринин кесепетин түшүнбөгөндөн улам бат алданышат. Криптовалютанын баасынын жогорулугу, транзакциялардын анонимдүү болушу жана коопсуздук боюнча жетишсиз маалыматка ээ болгондуктан, алар да бат алданып калышат.
13:23,
23.06.2025
Скрудж Макдак суктанат: кыргызстандыктар он жыл ичинде канча алтын куймасын сатып алышты?
КРнын Улуттук банкы Banks.kg редакциясына инвестициялык алтын куймаларынын жарандарга сатылышы, алардын келип чыгышы, стандарттары жана учурдагы рыноктук тенденциялары тууралуу кеңири маалымат берди.
18:47,
20.06.2025
Криптоиндустрияны өнүктүрүү — Кыргызстандын делегациясынын ПЭЭФ-2025 алкагындагы демилгелери
XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форуму Нева боюндагы шаарда 18–21-июнь күндөрү өтөт. Салтка айлангандай, аталган программа дүйнөлүк экономиканын, социалдык маселелердин жана технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарына арналган. Кыргызстан делегациясы бул форумга активдүү катышууда.
18:01,
20.06.2025
Кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кошумча нарк салыгынан бошотуу пландалууда
Айыл чарба министрлиги «Ата мекендик айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү 2030-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгынан бошотуу » жөнүндө токтом долбоорун даярдады.
17:32,
20.06.2025
Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди: ишкерлерди эмнелер күтөт
19-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан «калктын жана ишкерлердин салыктык түйшүгүн азайтууга багытталган» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
16:51,
20.06.2025
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2024-жылга карата отчетун жактырды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин 2024-жылдагы банктын ишмердүүлүгү тууралуу отчету угулду.
14:43,
19.06.2025
XXI кылымдын хоббиси: Банк карталарын коллекциялоо
Банк карталарын чогултуу – бул абдан кызыктуу жана пайдалуу хобби. Коллекцияга иштеп жаткан карталар, жарнамалык, көрсөтмөлүк же эскерүү иретиндеги карталар да кириши мүмкүн. Мындай коллекцияны Кыргызстанда дагы түзө баштоого болот, анткени биздин банктар абдан кооз карталарды чыгарышат!
13:09,
19.06.2025
1-июлдан баштап салыктарды QR-код жана төлөм коду аркылуу төлөөгө мүмкүн
18-июнда Мамлекеттик салык кызматы менен коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.
10:13,
19.06.2025