Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Бардык кредиттик жана банктык келишимдер мамлекеттик тилде түзүлүшү керек

Президент Садыр Жапаров кыргыз тилине байланыштуу бир катар мыйзамдарга кол койду. Аталган мыйзамдар КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 25-июнунда жактырылган.
Бардык кредиттик жана банктык келишимдер мамлекеттик тилде түзүлүшү керек

Кабыл алынган мыйзам менен КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана «Географиялык аталыштар жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө», «Микрофинансы уюмдары жөнүндө», «Банктар жана банк иши жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Адвокатура жана юридикалык ишмердүүлүк жөнүндө», «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Нотариат жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган. 

ЖМКдын маалыматтарына ылайык, каржы тармагындагы бардык кредиттик жана банктык келишимдер кыргыз тилинде түзүлүшү керек. Зарыл болгон учурда расмий тилге которуу мүмкүн.

Микрофинансылык уюмдардын кардарлары үчүн кредиттин шарттары боюнча толук маалымат берилиши керек:

  • Милдетүү түрдө – кыргыз тилинде;
  • Макулдашуу менен - расмий тилде;
  • Зарыл болгон учурда – башка тилдерде.

Мындан тышкары, КРнын укук бузуулар Кодексине жаңы берене кошулду:

Тил мыйзамдарын бузган учурда эскертүү берилет же айыпка жыгылат:

  • Жеке тараптарга - 50 эсептик көрсөткүчтө (5 миң сом);
  • Юридикалык жактарга - 170 эсептик көрсөткүчтө (17 миң сом).

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.