Бишкек берилген микрокредиттердин көлөмү боюнча эң алдыда

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жарым жылында микрокредитти берүүчү уюмдар тарабынан 40 млрд. сомдон ашык суммасында кредиттер берилди. Муну менен бирге алуучулардын саны 567 миң адамдан ашты.
Микрокредит алган калктын саны 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,2 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 34 пайызга көбөйдү.
Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарына, берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 27,5%ы. Андан кийин Ош облусу - 16%, Жалал-Абад - 14% жана Чүй - 13%дан ашык.
Микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 60%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына берилди, 16%дан ашыгы - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө жана 10%га жакыны - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.