Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

ПТБМ ишке ашырыла баштагандан бери ишкерлерге 1,6 миллиард сомдон ашык суммага 4419 кепилдик берилген

Дүйнөлүк банктын долбоору КР Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААК менен биргеликте ишке ашырылууда, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, бизнес өкүлдөрүнө портфелдик кепилдиктерди берет.
ПТБМ ишке ашырыла баштагандан бери ишкерлерге 1,6 миллиард сомдон ашык суммага 4419 кепилдик берилген

2022-жылдын башынан тартып жана ушул жылдын 1-апрелине карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» Долбоорунун №2 «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) компонентинин алкагында Кепилдик фонд ишкерлерге 1,6 млрд сомдон ашык суммага 4419 портфелдик кепилдиктерди берген. Өнөктөш банктар ишкерлерге 3,5 миллиард сомдон ашык насыя беришти.

Бүгүнкү күндө ПТБМнын алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча сегиз келишимге кол койду. Макулдашуулар портфелдик кредиттик кепилдикти берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого багытталган. Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.

1956
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.