Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Кыргызча жаңылыктар

Банк маселелерин түшүнгүңүз келеби? Биздин сайттан сиз каржы боюнча кыргыз тилиндеги түшүнүктүү жана жеткиликтүү макалаларды таба аласыз. Биз насыялар, депозиттер, инвестициялар жана башка финансылык продуктылар жөнүндө сөз кылабыз. Финансы рыногундагы акыркы өзгөрүүлөрдөн кабардар болуңуз. 
Кыргызстандыктар үчүн мүлк салыгын төлөөнүн беш ыңгайлуу жолу
Мамлекеттик салык кызматы жарандарга кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн бир нече заманбап жана ыңгайлуу ыкмаларды сунуштайт.
Bakai Bank четте калган жок жана Tuu Media’ны колдойт. Эми жаңы концерт болот!
Бул фестиваль жай мезгилинин негизги музыкалык окуясы болууну көздөп, атактуу артисттерди жана миңдеген конокторду музыка, шыктануу жана биримдик атмосферасына бириктирмек. Биз конокторубуздун абалын түшүнөбүз жана бул абалга кирип, сезимдерин тең бөлүшөбүз. Көрүүчүлөр күткөн эмоцияларды тартуулоону максат кылабыз.
Инфляциядан улам Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 9,25%га чейин жогорулатты
КРнын Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди (негизги чен) 25 базистик пунктка — 9,25 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Аталган банктын басма сөз кызматы билдиргендей, чечим бүгүн, 29-июлдан тарта күчүнө кирет.
Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуз жарандар көп?
2025-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында каттоодо турган жана жумуш издеп жүргөн жумушсуздардын саны 65,4 миң түздү.
Кыргызстандын чек арасынан накталай акча алып чыгуу: Эмнени билүү маанилүү?
Мамлекеттик бажы кызматы өлкөдөн чет элдик валютаны накталай алып чыгууга чектөө киргизди.
Казакстандагы кайрымдуулук фондунун жетекчисинин жомоктогудай жашоосу 10 жылдык абак менен аяктады
Астанада сот Biz Birgemiz Qazaqstan 2030 фондунун мурдагы жетекчиси Перизат Кайрат менен анын апасы Гайни Алашбаеваны өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча күнөөлүү деп тапты.
Орусия банкы негизги ченди жылдык 18%га чейин төмөндөттү
Директорлор кеңешинин жыйынынын натыйжасында Орусия банкы негизги ченди 2 пайыздык пунктка, жылдык 18%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.
Кыргызстандын бюджети 71 миллиард сомдон ашык профицит менен аткарылды
Ушул жылдын январь айынан май айына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети 71 миллиард 255,2 миллион сом профицит менен аткарылды.
Кыргызстан жыл башынан бери 112,1 миллион долларга алтын экспорттоду
2025-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан 9,76 миллиард сомдон ашык суммага (112,1 миллион АКШ долларына жакын) 1,16 тонна алтын экспорттолду.
Күрөөканалардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 6 эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, күрөөканалардын минималдык уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган долбоорунун коомдук талкуулоо башталганын билдирди.