Кыргызстандыктар үчүн мүлк салыгын төлөөнүн беш ыңгайлуу жолу
Мамлекеттик салык кызматы жарандарга кыймылсыз мүлк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн бир нече заманбап жана ыңгайлуу ыкмаларды сунуштайт.

Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Пазылов билдиргендей, салыктын суммасын эсептөө жана төлөө үчүн бир нече онлайн кызматтар бар:
- Салык кызматынын расмий сайтындагы «салык төлөөчүнүн жеке кабинети»;
- Salyk.kg мобилдик тиркемеси - QR-код аркылуу же банк картасы менен салыкты төлөөгө болот;
- банктарга же почта бөлүмүнө кайрылса болот. Бул үчүн паспорт жана бирдиктүү мүлк коду (БМК) керек.Алар автоматтык эсептөөнү жүргүзүп, суммасын айтып, төлөө кодун берет;
- аймактык салык органы аркылуу төлөө – паспорт гана алып баруу жетиштүү. Кызматкерлер мүлкүңүздү таап, салыктын суммасын эсептеп берет;
- Салык кызматынын маалымат базасы менен интеграцияланган терминалдарды же башка санариптик кызматтарды колдонуу.
«Салыкты төлөө үчүн эч жакка баруунун кереги жок. Тейлөө максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүлгөн. Иштер болгону бир нече мүнөттө бүтөт», — деп билдирди Азамат Пазылов.
Салык кызматы эскертет, 1-сентябрга чейин турак үйлөргө, батирлерге (ишкердик үчүн пайдаланылбаган) жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө зарыл.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.