Кыргызстанда жашоо минимуму 10 000 сомдон ашты

Мындай маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
Эмгекке жөндөмдүү калк боюнча жашоо минимуму 9 831,25 сомду түздү, анын ичинен эркектер — 10 095,18 сом, аялдар — 9 797,25 сом. Ал эми пенсионерлер үчүн — 7 774,84 сом.
Балдар үчүн — 7 421,23 сом, ошону менен катар:
- 0дөн 7 жашка чейин — 6 579,45 сом;
- 7ден 14 жашка чейин — 7 689,02 сом;
- 14 жаштан 17 жашка чейин — 8 474,06 сом.
Керектөө себетинин түзүмү
Жашоо минимумунун эң чоң бөлүгүн тамак-аш азыктары түзөт. Республика боюнча орточо эсеп менен – бир адамга 5700,46 сом туура келет.
Эң көп үлүштү сүт азыктары ээлейт (1086 сом), эт (1836 сом) жана нан азыктары (734,96 сом) ээлейт.
Азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр тиешелүүлүгүнө жараша 1403,19 жана 1490,89 сомду, салыктар 175,4 сомду түзөт.
Аймактар жана шаарлар боюнча:
- Бишкек шаарында — 9 172,3 сом;
- Жалал-Абад облусу - 8 954,99 сом;
- Нарын облусу - 8 457,31 сом;
- Ысык-Көл облусу - 7 819,42 сом;
- Баткен облусу - 8 131,69 сом;
- Ош шаары — 8 431,63 сом;
- Талас облусу — 8 235,52 сом;
- Чүй облусу — 8 155,60 сом;
- Ош облусу — 7 835,61 сом.
Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында — 9 172,3 сом, эң төмөнкү көрсөткүч Баткен облусунда байкалууда - 8 131,69 сом.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.