Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Кыргызстанда 2021-жылдан бери орточо айлык акы эки эседен ашык өстү

Кыргызстанда орточо эмгек акынын туруктуу өсүшү байкалууда.
Кыргызстанда 2021-жылдан бери орточо айлык акы эки эседен ашык өстү

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып, Эмгек министрлиги билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, январь-март айларында орточо айлык акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,3%га өсүү менен 40 264 сомду түздү. 

Акыркы беш жыл ичинде динамика төмөкүдөй болду:

202-жылдын биринчи чейрегинде орточо айлык акы 18 797 сомду түзгөн;

2022-жылы — 21 568 сом;

2023-жылы — 30 677 сом;

2024жылы  — 34 046 сом;

Ал эми 2025-жылы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү

Ошентип, 2021-жылдан бери өсүү эки эседен ашык өстү, бул калктын кирешелеринин оң динамикасын чагылдырат. 

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын индекси 106,9%ды түзүп, инфляция 6,9%ды түздү. Бул эмгек акынын өсүү темпи баалардын, анын ичинде азык-түлүк товарларынын жана эң зарыл товарлардын өсүшүнөн алда канча ашып кеткендигин көрсөтөт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.