Кыргызстандын «Капитал Банкы» Улуу Британиянын санкциясына кабылды

Маалыматка ылайык, банкка карата төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилди: активдерди тоңдуруу, корреспонденттик мамилелерге жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу, трасттык кызматтарды көрсөтүүгө чектөө, жетекчилерди дисквалификациялоо.
Лондон бул чечимди «Капитал Банк» орус өкмөтүнөн пайда алып, анын экономикалык ишмердүүлүгүнө көмөктөшкөн деп негиздеген. Билдирүүдө банктын Кремль үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон каржы кызматтары тармагында иш жүргүзгөнү жана олуттуу экономикалык таасирге ээ болгону белгиленген.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын министрлер кабинети бардык рубль которуулар боюнча эсептешүү функцияларын «Капитал Банкка» өткөрүп берүү чечимин бекиткен. Ал аркылуу жеке жана юридикалык жактардын операциялары, ошондой эле ар бир кардарга айына 3 миллион рублдан ашык суммадагы операциялар ишке ашырылган.
Анда бийлик бул кадамын «ачык-айкындуулукту жогорулатуу» зарылчылыгы менен түшүндүргөн.
Ошол эле учурда банктын акцияларынын 100%ы Финансы министрлигине өткөрүлүп берилген, бул аны рублдин агымын башкаруудагы негизги мамлекеттик инструментке айландырган.
Белгилей кетсек, август айынын башында банк уставдык капиталын 4 миллиард сомго көбөйткөн. 2025-жылдын августуна карата банктын уставдык капиталы 4,86 миллиард сомду түзөт.
20-августка карата санкцияга киргендердин толук тизмеси:
- ЖЧК «ГРИНЕКС»;
- ЖАК «ТЕНГРИКОИН»;
- ЖЧК «СТАРЫЙ ВЕКТОР»;
- Леонид Шумаков;
- Кантемир Капарбекович Чалбаев;
- ААК «Борбордук Азиянын Капитал Банкы»;
- Назарбек Жанышбек уулу;
- Altair Holding SA.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.