Жөнгө салуудан ТАББга чейин: Улуттук банк кантип банк системасынын ишенимдүүлүгүн камсыздайт

- Улуттук банк кандай көзөмөл функцияларын аткарат?
- КРнын «Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, банктык системанын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында Улуттук банк төмөнкү көзөмөл функцияларын аткарат:
- КРнын банктарынын жана банктык топторунун ишмердигин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө;
- Улуттук банктын көзөмөлүндө турган банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарды жана башка юридикалык жактарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө;
- Төлөм системасына көзөмөл (оверсайт), анын эффективдүү жана коопсуз иштешине өбөлгө түзүү;
- Улуттук банктын көзөмөлүндөгү субъекттердин убактылуу администраторлорунун жана банктардын ликвидаторлорунун, ошондой эле банктык эмес ФКУнун ишмердигин жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү;
- Банктын жана төлөм кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Конституциялык мыйзамга жана өлкөнүн банктык мыйзамдарына ылайык ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу.
- Республикадагы банк системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Банктардын ишмердигине көзөмөл жана жөнгө салуу Улуттук банк тарабынан банктын ачылган учурдан жана ага лицензия берилгенден тартып, анын ишмердиги токтотулганга чейин жүргүзүлөт.
Банктык көзөмөлдүн максаты – Кыргызстандын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо, банк мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу. Ошол эле учурда Улуттук банк мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондобанктардын ишине кийлигишпейт.
Көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн Улуттук банк эл аралык стандарттарды, анын ичинде Базель комитетинин стандарттарын эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Ошондой эле минималдуу капитал, ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээли, валюталык, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө боюнча талаптарды белгилейт.
- Банктык көзөмөл кандайча жүргүзүлөт?
- Банктардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл инспектордук текшерүүлөр аркылуу, ошондой эле регулятивдик чендерди чыгаруу аркылуу ишке ашырылат. Улуттук банк банктардын ишин баалоо үчүн тобокелдикке негизделген көзөмөлдү (ТАББ) колдонот.
- ТАББ деген эмне?
- Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл – бул банктын ишмердүүлүгүндөгү тобокелдиктерди жана аларды башкаруу сапатын алдын ала баалоого негизделген көзөмөл. Анын максаты – банктын ишинде эң чоң тобокелдик жаралышы мүмкүн болгон жерлерди аныктоо жана көзөмөл ресурстарын ошол багытка топтоо.
Мындан тышкары, ТАББ көзөмөл ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал банктын ишиндеги тобокелдиктерди сандык жана сапаттык анализ аркылуу баалоону камтыйт. Ошондой эле банктын мүнөзүн, тобокелдик профилин жана маанилүүлүгүн эске алып, ар бир банкка жекече мамиле кылуу колдонулат.
- Банктарга мүнөздүү тобокелдиктер тууралуу айтып бериңизчи?
- Банктардын ишинде маанилүү нерсе — тобокелдиктерден качуу эмес, аларды башкаруу! Банктар төмөнкү тобокелдиктерге дуушар болушат: Кредиттик тобокелдик – кардарлардын өз милдеттенмелерин аткарбай калышы, рыноктук тобокелдик – валюталык тобокелдик жана пайыздык чендин өзгөрүүсү (активдердин наркынын төмөндөшү), операциялык тобокелдик – бизнес-функциялардын аткарылышына байланышкан (анын ичинде алдамчылык жана тышкы факторлор), маалыматтык коопсуздук, ликвиддүүлүк жана башка тобокелдиктер.
Тобокелдиктин бардык түрү өз ара байланышкан жана банктын ишине түз таасирин тийгизет.
- Тышкы көзөмөл менен инспектордук текшерүүлөрдүн айырмасы эмнеде?
- Тышкы көзөмөл аралыктан, туруктуу негизде жүргүзүлөт, анда банктардын отчеттору жана башка маалыматтары талданат, ошондой эле банктын башкаруу органдары менен байланыш жүргүзүлөт.
Инспектордук текшерүүлөр болсо мезгил-мезгили менен Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан банктардын өзүндө өткөрүлөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө банктын каржылык абалы, тобокелдиктерди башкаруу сапаты, отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү, Улуттук банктын талаптарынын жана мыйзамдардын аткарылышы бааланат.
Текшерүүлөр комплекстүү же максаттуу болушу мүмкүн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында банкка тиешелүү чаралар колдонулушу мүмкүн.
- Бул кандай чаралар?
- КР мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк банктын өзүнө, анын акционерлерине же жетекчилерине таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн. Мунун максаты – маселелерди ыкчам чечүү, көйгөйлөрдү жоюу жана банктык системанын туруктуулугун сактоо.
КРнын банк мыйзамдарында белгиленген нормаларды, талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу таасир этүүнүн ар кандай чараларын колдонууга негиз болушу мүмкүн.
Чаралар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- Банктан мыйзам бузуу фактыларын жоюуну талап кылуу;
- Банкка же кызмат адамына айып пул салуу;
- Финансылык абалды чыңдоо боюнча чараларды көрүү талабын коюу;
- Айрым операцияларды чектөө же тыюу салуу;
- Башка чаралар.
Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын Банктарды көзөмөлдөө башкармалыгы инспектордук текшерүүлөр тууралуу маалымат берген.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.