Кыргызстан QR-кодго өтүүдө: Улуттук банк накталай эмес төлөмдү кеңейтүүнү көздөөдө

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук талкууга «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору чыгарылды.
2023-жылдын 24-майында Улуттук банк Башкармасынын токтому менен «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерине» өзгөртүүлөр киргизилген. Ошентип токтомдун 2-пунктуна ылайык, коммерциялык банктарга, ошондой эле мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлоруна /төлөм уюмдарына жана алардын агенттерине 2024-жылдын 1-ноябрына чейин жана андан ары туруктуу негизде КРнын соода-тейлөө ишканаларында QR-коддорун толук масштабдуу орнотууну жүргүзүү сунушталган:
Минималдуу чектүү мааниде соода-тейлөө ишканаларынын (СТИ) жалпы санынан ар апталык өсүшү (%) менен:
- 1 тартып 500 чейин СТИ– 10 %, бирок 7 СТИнан кем эмес;
- 501 тартып 1000 чейин СТИ – 7%, бирок 20 СТИнан кем эмес;
- 1001 тартып 2000 чейин СТИ– 5%, бирок 30 СТИнан кем эмес;
- 2001 жана андан жогору СТИ – 3%, бирок 40 СТИнан кем эмес.
Кошумча сапат көрсөткүчү менен КРнын региондорундагы СТИда QR-коддордун төмөнкүдөй катышы:
- Кыргызстандын региондорунда филиал тармагы бар банктар (20 филиалдан ашык), мобилдик тиркемелери бар төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана алардын агенттери үчүн СТИнын жалпы санынан 20% кем эмес;
- калган банктар үчүн СТИнын жалпы санынан 10% кем эмес.
«СТИда QR-коддордун камтуусун кеңейтүү жана орнотуу үчүн МСКдан республика боюнча катталган ишкердик субъекттеринин сандык көрсөткүчтөрү суралган. Алынган маалыматтардын алкагында, көрсөткүчтөр – 41,6 миңден ашык ишкердик субъекттери болгон, алар боюнча төлөм системаларынын катышуучулары 2024-жылдын 1-ноябрына чейин QR-коддорду орнотушу керек болчу. Бул көрсөткүчтөр жетилип, соода-тейлөө ишканаларында 53,7 миң QR-код орнотулган», - деп жазылган токтом долбоорунда.
2025-жылдын 1-июлуна карата төлөм системаларынын катышуучулары республика боюнча СТИна 80,4 QR-код орнотушкан, алардын ичинен:
- Баткен облусу - 3339 даана;
- Жалал-Абад облусу - 9918 даана;
- Ысык-Көл облусу - 6158 даана;
- Нарын облусу – 2381 даана;
- Ош облусу - 13304 даана;
- Талас облусу - 2778 даана;
- Чүй облусу – 6429 даана;
- Бишкек шаары - 36160 даана.
«Накталай эмес төлөмдөрдүн жана которуулардын үлүшүн QR-код аркылуу мындан ары да көбөйтүү, калк арасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү жана актуалдаштыруу, жана ошондой эле республиканын бардык аймактарында QR-кодду камтууну толук талдоо жүргүзүү үчүн төлөм системаларынын катышуучулары үчүн отчеттуулук формаларын бекитүү жолу менен 2019-жылдын 11-декабрындагы Эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тиркелет»,- деп айтылат токтомдо.
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. Токтом долбоору мыйзам ченемдерине каршы келбейт жана КРнын бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.