Мигранттарга ыкчам жардам: Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Ыкчам линия КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирге уюштурулган. Ал 30-июндан тарта Орусиянын аймагында күчүнө кирген чараларга байланыштуу жарандарыбыз туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга ыкчам жооп берүүгө арналган.
«Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүү жол-жоболорун модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңылык киргизилди. Белгиленген тартипке ылайык, Орусиянын аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандар «Госуслуги RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу катталып, чек арадан өтүү болжолдонгон күнгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен электрондук арыз толтурууга милдеттүү», - деп билдирди аталган министрликтен.
Орусия жогоруда көрсөтүлгөн экспериментке катышуу толугу менен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн жана өлкө аймагына кирүүдөн баш тартууга негиз катары каралбасын расмий түрдө тастыктады. Буга байланыштуу, чек арадан өтүүдөгү ар кандай баш тартуу учурлары, ошондой эле келип чыккан кыйынчылыктар тууралуу атайын ишеним телефону аркылуу токтоосуз кабарлоо керек. Мындай окуяларды өз убагында каттоого жана тиешелүү чараларды ыкчам көрүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстандын жарандарын Орусияга сапарларды пландаштырууда кирүү тартибине тиешелүү актуалдуу талаптарды кылдаттык менен көзөмөлдөөгө жана «Госуслуги RuID» мобилдик тиркемесинде алдын ала каттоодон өтүүгө чакырат.
«Өлкөгө кирүү боюнча жаңы эрежелер Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусия менен визасыз режим боюнча келишим түзгөн өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү», — деп билдирди Газета.Ru басылмасы.
«RuID» тиркемеси төмөнкү платформалардан жүктөп алууга болот:
App Store: https://apps.apple.com/kg/app/ruid/id6745255593
Google Play: https://play.google.com/store/apps/details?id=ru.gosuslugi.migrant
Чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралса, төмөнкү байланыштарга кайрылыңыз:
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору:
- Ишеним телефондору (Кыргызстан): 0224550332, 0227550332
- Ыкчам байланыш: 1899
- Сайт: https://migrant.kg
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү (Москва шаары):
- Ишеним телефондору: +7 925 030 26 27
- Ыкчам байланыш: +7 996 968 98 971899
- Электрондук почта: pred.mtsom@mail.ru
Чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына консультациялык колдоо көрсөтүү борбору өзгөчө кырдаалдарда, укук коргоо органдары тарабынан кармоо жана башка консулдук-укуктук маселелер боюнча онлайн консультацияларды берет.
Маалымат алуу үчүн байланыш номери: +996999312002 (WhatsApp/Telegram).
Ушул жылдын апрель айынан тарта жарандарга Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерине же шашылыш телефондорго түздөн-түз онлайн суроо-талаптарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү Электрондук консул порталы (e-consul.gov.kg) иштеп жатат.
Сүрөт: ТАСС
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.