Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

55+ жаштагы кардарларга ай сайын пассивдүү киреше – келечегиңизге кам көрүү менен

MBANK улуу муунга өзгөчө кам көрүү жана урмат менен түзүлгөн жаңы «Мурас» аманатын сунуштайт. Бул – 55 жаштан жогору адамдар үчүн ишенимдүү каржылык салым. Башкы максат – сом менен жылына 15% туруктуу пассивдүү киреше алып, өзүн каржылык жактан коопсуз сезүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
55+ жаштагы кардарларга ай сайын пассивдүү киреше – келечегиңизге кам көрүү менен

«Мурас» менен акчаңыз жөн гана сакталбайт – ал иштеп, туруктуу киреше алып келет! Пайыз ай сайын төлөнөт, бул жеке бюджетиңизди пландаштырууга ыңгайлуу.

«Мурас» аманатынын негизги артыкчылыктары

  • Кимдер ача алат: 55 жаштан жогорку кардарлар;
  • Пайызды төлөө: пайыз ай сайын төлөнөт – бул бюджетти пландаштырууга абдан ыңгайлуу;
  • Толуктоо мүмкүнчүлүгү: каалаган убакта кошумча акча сала аласыз, ошону менен ай сайынкы төлөм суммасын көбөйтөсүз;
  • Пайыздык чендер: 12 айдан 24 айга чейин – сом менен жылына 15%;
  • Салым суммасы: минималдуу сумма – 1 000 сом.

Кантип ачуу керек

Аманатты MBANKтын каалаган бөлүмүнөн ачсаңыз болот. Эгерде мобилдик колдонмону колдонсоңуз, анда аны онлайн бир нече баскыч менен ачууга мүмкүн.

  1. MBANK колдонмосуна кириңиз;
  2. «Аманаттар» бөлүмүнө өтүңүз;
  3. «Мурас аманатын» тандаңыз;
  4. Керектүү шарттарды коюңуз: мөөнөтүн жана башка параметрлерин тандаңыз;
  5. «Аманат ачуу» баскычын басыңыз.

Даяр! Аманатыңыз таризделет.

MBANK кардарларынын каржылык туруктуулугун камсыздоого умтулат. «Мурас» – эч кошумча аракетсиз туруктуу киреше алууну каалагандар үчүн түзүлгөн. Жөн гана аманатты толуктап туруңуз, сактык каражаттарыңызды көбөйтүңүз жана ай сайын пайыз алыңыз.

«Мурас» аманаты – туруктуу киреше жана эртеңки күнгө ишеним үчүн.

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.

3190
2025-08-15T12:25:21+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.