Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

2025-жылдын 1-апрелинен тартып КЖКны, АКны жана Д(Ф)Чны каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт

КР Юстиция Министрлиги 2025-жылдын 1-апрелинен тартып кошумча жоопкерчиликтеги коомдор (КЖК), акционердик коомдор (ЖАК, ААК) жана дыйкан (фермер) чарбасы формаларындагы юридикалык жактарды каттоо онлайн режиминде гана жүргүзүлө тургандыгын билдирет.
2025-жылдын 1-апрелинен тартып КЖКны, АКны жана Д(Ф)Чны каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт

Бул жаңыртуу мамлекеттик каттоонун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлердин санариптик экономика шарттарында бизнести өнүктүрүүгө умтулуусун колдоого багытталган.

Арыз ээси бардык керектүү документтерди тапшырып, мамлекеттик органдарга барбай эле электрондук форматта каттоо күбөлүгүн ала алышат.

Каттоо үчүн «Юридикалык жактарды электрондук каттоо» маалыматтык системасын колдонуу зарыл. Бардык документтерге электрондук цифралык колтамганы (ЭЦК) пайдалануу менен кол коюлат, бул алардын юридикалык маанилүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылат.

Кошумча маалымат жана этап-этабы менен көрсөтмөлөр Министрликтин расмий сайтында жана кийинки шилтемеде көрсөтүлгөн https://online.minjust.gov.kg/user.

Фото: www


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.