Июнда Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 295 миллион доллардан ашты
-large-webp.webp)
Акча которуулардын агымы
2025-жылдын июнь айында жеке жактардан чек аралык акча которуулардын агылып кириши 260,5 миллион АКШ долларына жеткен. Бул каржылык жөнгө салуучунун статистикасынан келип чыккан.
Июнь айында Кыргызстанга келген каражат 295,1 млн АКШ долларын түздү. Алардын ичинен:
КМШ өлкөлөрүнөн - 278,2 млн доллар:
- Казакстандан - 4,6 млн доллар;
- Орусиядан - 271,1 млн доллар;
- Башка өлкөлөрдөн - 2,5 млн доллар.
Алыскы чет өлкөлөрдөн - 16,9 млн доллар:
- АКШдан - 7,6 млн доллар;
- Түркиядан - 1 млн доллар;
- Түштүк Кореядан - 0,1 млн доллар;
- башка мамлекеттерден - 8,2 млн доллар.
КРге акча каражаттарынын негизги агымы көбүнчө Орусиядан келет. Алардын көбү өз мекениндеги үй-бүлөсүнүн керектүү жашоо минимуму менен камсыз кылган эмгек мигранттарынын которуулары.
Акча которуулардын доллар эквивалентин эсептөө КРнын Улуттук банкынын операция жасалган күндөгү расмий курсу боюнча жүргүзүлөт.
Акча которуулардын сыртка чыгуусу
Июнь айында Кыргызстандан сыртка которулган акча 34,5 миллион долларды түздү. Алардын ичинен:
КМШ өлкөлөрүнө - 32,4 млн доллар:
- Казакстанга - 0,2 млн доллар;
- Орусияга - 31,6 млн доллар;
- Башка өлкөлөргө - 0,6 млн доллар.
Алыскы чет мамлекеттерге - 2,1 млн доллар:
- АКШга - 0,1 млн доллар;
- Түркияга - 1,7 млн доллар;
- Башка өлкөлөргө - 0,3 млн доллар.
Эске салсак, 2025-жылдын май айында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 299 миллион долларды түзгөн, ал эми өлкөдөн акча которуулардын агылып чыгышы 36,2 миллион доллар болгон.
Маалымат үчүн:
2022-жылдан тартып статистикалык маалыматтар акча которуу системаларынан башка төлөм инструменттерин колдонуу менен жүзөгө ашырылган жеке жактардын эл аралык акча которуулары менен толукталган. Акча которуулар боюнча статистикалык маалыматтардын булагы болуп Кыргызстандын коммерциялык банктарынын отчеттору саналат.
Жеке жактардын чек аралык акча которуулары - бул төмөнкүлөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу жеке адамдардын эл аралык акча которуулары:
- акча которуу системалары;
- банктык мобилдик тиркемелер;
- электрондук капчыктар;
- «Кыргызпочта» мамлекеттик ишканасы аркылуу которуулар.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.