Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Сак болуңуздар: алдамчылар MBANKтын атын жамынып — «пикир үчүн 500 сом» убада кылган видеолорду таркатышууда

Социалдык тармактарда MBANKтын атынан 500 сом төлөнөт деген видео тарап жатат. Чындыгында бул — алдамчылык схемасы.
Сак болуңуздар: алдамчылар MBANKтын атын жамынып — «пикир үчүн 500 сом» убада кылган видеолорду таркатышууда

MBANK расмий түрдө билдирет: банк пикир үчүн эч кандай акча төлөгөн акцияларды өткөрбөйт.

«Бул — алдамчылык. Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер жана жеке маалыматтарды киргизбеңиздер. Бардык расмий сунуштар жана акциялар банктың расмий сайтында жана расмий аятчаларында гана жарыяланат», — деп билдирди банктын басма сөз кызматы.

Мындай алдамчылык ыкмалары көп кездешет. Шылуундар көп учурда эл тааныган бренддерди жана адамдарды колдонуп, ишеним жаратканга аракет кылышат.

Эсиңизде болсун!

  • Бир гана расмий булактарга ишениңиз.
  • Бейтааныш адамдарга акча жөнөтпөңүз.
  • «Тобокелсиз киреше» дегенге ишенбеңиз.
  • CVVкодуңузду жана сыр сөздөрүңүздү эч кимге айтпаңыз.
  • Шектүү шилтемелерге кирбеңиз.

MBANK бардык жарандарды сак болууга жана маалыматты расмий сайттан текшерип турууга чакырат: www.mbank.kg

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.