Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 1,5 млрд сомго көбөйтүлөт

Ушул жылдын 26-июнунда өткөн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКнын акционерлеринин жалпы жыйынында уставдык капиталды 19,7 млрд сомдон 21,2 млрд сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 1,5 млрд сомго көбөйтүлөт

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, жогорудагы чечимдер аталган банктын акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсынын уставдык капиталы 1,5 млрд сомго көбөйөт. Натыйжада, банктын жүгүртүүдө жүргөн жөнөкөй аткаруучу акцияларынын саны 1 млн 500 миң даанага жетет, бир акциянын баасы – 1 миң сом.

Мындан тышкары, уставдык капиталдын көбөйүшүнө жараша банктын жаңы редакциядагы уставы бекитилип, КРнын юстиция органдарында кайра мамлекеттик каттоо процедурасы жүргүзүлмөкчү.

Эскерте кетсек, буга чейин, 2024-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 19,7 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн. КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жүгүртүүдөгү жөнөкөй аталыштагы акцияларынын санын 1 миллион даанага көбөйтүү чечими кабыл алынган. Бир акциянын баасы - 1 миң сомду түзөт.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.