Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Мүлк салыгын автоматтык эсептеген электрондук сервис ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматы «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Салыктык милдеттенмелер» модулун киргизди.
Мүлк салыгын автоматтык эсептеген электрондук сервис ишке кирди

Маалыматка ылайык, аталган модулдун жардамы менен «Кадастр»  мамлекеттик мекемесинин расмий маалыматтык базаларынын негизинде мүлк салыгынын суммасы автоматтык түрдө эсептелет. Бул каталарды азайтып, салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетет. Мүлк салыгын эсептөө жөнүндө кабарламаны алгандан кийин, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү же эсептөө талап кылынбайт. Убакытты үнөмдөп, бир нече баскычтын жардамы менен салыкты төлөп коюуга болот.

Ирээттүүлүк менен

Кызматты колдонуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • cabinet.salyk.kg порталына кирип, «Салыктык милдеттенмелер»  модулун тандоо керек.
  • андан кийин «Өтүү» баскычын басканда, салык милдеттенмелери боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт.
  • оң жагындагы «Төлөө» баскычын басканда, QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу төлөм ыкмалары сунушталат.

Жеткиликтүү маалымат

Модуль төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

  • салыктын түрү, датасы, району жана суммасы боюнча маалыматтар камтылган.
  • мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт: КМБ коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөөнүүчү сумма.

Белгилей кетсек, эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Жаңы сервистин артыкчылыктары

  • Убакытты үнөмдөө – салыкты эсептөө формаларын өз алдынча эсептеп, толтуруунун кажети жок;
  • Тактык – эсептөө расмий кадастрдык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт;
  • Контролдоо – жеке кабинетте эсептөөнүн бардык маалыматтарына жеткиликтүүлүк бар;
  • Ыңгайлуу төлөм – кабарламаны алгандан кийин дароо онлайн төлөөгө болот.

Ошентип, «Салык милдеттенмелери» модулун ишке ашыруу жарандар үчүн мүлк салыгын төлөө процессинин ачык-айкындуулугун, ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.