Кыргызстанда жашы жете электерге банктык эсепти кантип ачса болот?

Banks.kg редакциясына КРнын Улуттук банкынын кызматкерлери өлкөдө жашы жете элек балдар кантип банктык эсептерди жана банктык карталарды ача алары жөнүндө түшүндүрмө беришти.
- Бала канча жаштан тарта өзү эсеп ача алат?
- КРнын Жарандык кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугусуз эле өз алдынча банктык эсептерди ачып, өз депозиттерине ээлик кыла алышат.
Эгерде эсеп балага үчүнчү тарап (ата-эне, мыйзамдуу өкүл, башка жаран) тарабынан ачылса, анда арыз берүү, тараптар тууралуу маалымат көрсөтүү (чоң адамдын жана баланын) жеке күбөлөндүрүүчү документтерин, ошондой эле кол тамга үлгүлөрү камтылган карточканы берүү талап кылынат.
- Балдардын эсебиндеги акча каражатты ким башкарат?
- 14 жашка чейин – ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр, ал эми 14 жаштан тартып – баланын өзү башкарат.
- Өспүрүмдүн атына банктык карта каттаса болобу?
- Ооба, болот. Банктык карта – бул эсептеги акчага жетүүчү курал. Эгер бала депозитине ээлик кылууга укуктуу болсо (14 жаштан тартып), анда өзүнүн атына карта каттаса болот.
- Жаш курагына жараша эсеп ачуу үчүн кандай документтер керек?
14 жашка чейинкилер үчүн эсеп ата-эне же мыйзамдуу өкүл аркылуу ачылат. Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- ата-эненин (же мыйзамдуу өкүлдүн) паспорту;
- баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү;
- эсеп ачуу тууралуу арыз.
14 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр өз алдынча эсеп ачууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- окуган жеринен же жашаган жеринен сүрөтү бар түп нуска маалымкат.
16 жаштан 18 жашка чейин ата-энесинин катышуусуз эле эсеп ачууга уруксат берилет. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт гана керектелет.
- Жашы жете электер үчүн эсеп ачуу тартибин кандай нормалар жөнгө салат?
- Бул тартип КРнын Жарандык кодекси (61, 749, 753-1-беренелер) жана Улуттук банктын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген банктык эсептер жана депозиттер боюнча иштөө нускамасы менен жөнгө салынат.
- Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кигизүү күтүлүүдөбү?
- Улуттук банк жашы жете электерге байланышкан маселелерди кошуп, банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзөт. Кардарлардын укуктарын коргоону күчөтүү жана финансылык тобокелдиктерди алдын алуу максатында эл аралык тажрыйба изилденүүдө. Азырынча так өзгөртүүлөр кабыл алына элек, бирок алар учурдагы мыйзам чыгаруу ишмердигинин алкагында каралууда.
Жыйынтыктап айтканда, 14 жаштан тарта өспүрүмдөр өз алдынча эсеп ачып, банктык карталарды колдоно алышат. Ал эми кичүү балдардын атынан бардык аракеттерди ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жүргүзөт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.