Курс USD 87.13 / 87.60
Курс EUR 101.08 / 102.08
Курс RUB 1.077 / 1.103
Курс KZT 0.141 / 0.172
USD USD
87.13 / 87.60
EUR EUR
101.08 / 102.08
RUB RUB
1.077 / 1.103
KZT KZT
0.141 / 0.172

Улуттук банк кыргызстандыктарга жаңы алдамчылык схемасы тууралуу кабарлады

Шылуундар жакын досторунун таанышы катары чалышып, ошондой эле Улуттук банктын жана укук коргоо органдарынын атын жамынып, «мүлкү абийирсиз риэлторлордун колуна түштү», деген шылтоо менен жарандардын акчасын жана үйүлөрүн тартып алышууда.
Улуттук банк кыргызстандыктарга жаңы алдамчылык схемасы тууралуу кабарлады

Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы кабарлады

Улуттук банк эч качан акча которуу өтүнүч менен жарандарга чалбайт, мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүктөрүн жана башка расмий документтерди жөнөтпөйт, ошондой эле физикалык жактарды тейлебей турганын эскертти. 

«Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта чоочун адамдарга акчаңызды которбоңуз. Эгер күмөн саноолор болсо, анда сүйлөшүүнү дароо токтотуп, мүмкүн болсо, маалыматтарды  расмий булактардан текшериңиз. Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын бөгөттөө үчүн сизди тейлеген коммерциялык банкка тезинен кайрылыңыз, ошондой эле укук коргоо органдарына арыз бериңиз», - деп билдирди Улуттук Банк.

Эгерде кандайдыр бир суроолоруңуз болсо, Улуттук банктын коомдук кабылдамасына байланышсаңыз болот, телефон номери: +996 (312) 61 04 86.


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.