Садыр Жапаров: Кыргызстандын банктарына санкция салуу далилсиз кадам

Президенттин маеги «Кабар» агенттигине жарыяланды.
Өлкө башчы январь айында «Керемет» банкка Америка санкция киргизгенин, эми «Капитал Банк» ААКсы чектөөлөргө кабылганын билдирди. Ошону менен катар санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө албагандарын белгиледи.
«Алар санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес. Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле «Капитал Банк» таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп атат», - деп билдирди Жапаров.
Президент санкция салгандан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АКШнын элчиси жана OFAC (ОФАК - чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалык) өкүлдөрү менен жолукканын билдирди. Анда Кыргызстан көз каранды эмес аудитордук компанияларды чакырып банктарды текшертүүнү сунуштаган, бирок батыш тарап баш тарткан.
Садыр Жапаров мындай жалган мааалыматтарды бул жакта олтурган НПОчулар менен ички душмандар анонимдүү жиберишкенин билдирди.
Президенттин айтымында, мындай чектөөлөрдөн орус тарап да, кыргыз тарап да кыйналбайт. Каржы министрлигинин алдында кандай иштесе ошондой иштей берет, пайдасын мамлекетке бере берет.
Мамлекет башчысы, Кыргызстандын ИДПсы 11, 7 пайызга чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатканын баса белгиледи.
«Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи», - деди ал.
Президент Улуу Британиянын жана АКШнын башчыларына кайрылып, Кыргызстан Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатып жатканын белгиледи.
«Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз», - деди Садыр Жапаров.
20-августка карата санкцияга киргендердин толук тизмеси:
- ЖЧК «ГРИНЕКС»;
- ЖАК «ТЕНГРИКОИН»;
- ЖЧК «СТАРЫЙ ВЕКТОР»;
- Леонид Шумаков;
- Кантемир Капарбекович Чалбаев;
- ААК «Борбордук Азиянын Капитал Банкы»;
- Назарбек Жанышбек уулу;
- Altair Holding SA.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.